super.kg logo

Кыргыз валюта рыногуна 100 миң долларга жакын жогорку сапаттагы жасалма акча жүгүртүүгө киргизилгени аныкталды

 

Ушул жылдын ноябрь айынын башында Кыргыз Республикасына Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен белгисиз адамдар тарабынан 100 миңге жакын жасалма АКШ доллары киргизилген. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 24-декабрда билдирди.

Фактылар Кыргыз Республикасынын аймагында терроризмди жана диний экстремизмди каржылоо фактыларын табуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында аныкталган. Ошол суммадан 45 миң АКШ долларын Бишкек шаарынын тургуну алган, ал болсо акчаны өзүнүн тааныштарына сатып өткөрүүгө жана алмаштырууга берген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 8 жарандан турган уюшкан кылмыштуу топ табылган, алардын жасалма акчаларды өткөзүү менен алектенгени белгилүү болгон. "Ошол топтун курамына учурда иштеп жаткан жана мурда милиция кызматында иштеген 2 кызматкер кирген. Алардын жашаган жеринен жасалма акчалардын бөлүгү табылган. Көрсөтүлгөн адамдардан жалпы суммадан 40 миңге жакын АКШ доллары алынды. Көрсөтүлгөн жасалма АКШ долларлары бардык коргоо деңгээлдерин колдонуу менен жогорку сапатта жасалган",- деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча “жасалма акча же баалуу кагаз даярдоо, сактоо же өткөрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.12.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ашыкчасы менен толотуп омур бою эркинен ажыратып таштоо керек,
Корсун биздин мыйзамды
24.12.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Nurbol,кайсы мыйзамды?бизде мыйзам кимге иштейт ? карапайым калкка иштейт.Акчалуу чиновник байларга алы жетбейт.
24.12.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mars55,как раз жасалма акча менен кутулуп кетет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: