super.kg logo

Рейд: "Ош базарында" пиротехника саткандар милиция келгиче товарларын жашырганга үлгүрүшсө, кош бойлуу келин колго түшүп калды (фото)

 

Келе жаткан Жаңы жыл майрамына байланыштуу бүгүн, 24-декабрда "Ош базарындагы" пиротехникалык каражаттар сатылуучу жайларда Бишкек шаардык милициясы Экологиялык-техникалык инспекция жана Өрткө каршы кызматы менен биргеликте текшерүү жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө пиротехниканы сатуунун талаптарын жана тартибин бузуу фактысы аталган базардын эки эле жеринен табылды.

Биринде өспүрүм бала пиротехниканы жашырганга аракет жасаганын милиция кызматкерлери байкап калышты. Сатылуучу майда-чүйдөлөр жаткан столдун астынан 50гө жакын ар түрдүү фейерверк табылды. Бирок коңшу дүкөндө иштеген аял ызы-чуу чыгарып, пиротехниканын баарын көтөрүп алып белгисиз жакка кетип калды. Анын аркасынан барган милиция кызматкери жарым жолдон кайра келе берген.

Рейд уланып, дагы бир пиротехника сатылуучу жай табылды. Ачык жерде көптөгөн пиротехниканы жайып саткан жаш кош бойлуу келин колго түшүп, милиция кызматкерлери анын пиротехникалык каражаттарын милиция бөлүмүнө алып кетишти. Ал эми соодагер келинге протокол түзүлдү.

"Ош базарынын" ичинде рейд тууралуу маалымат абдан тез тараганданбы же алдын ала билдирилгенденби, айтор, ушул эки эле жерде мыйзамсыз пиротехника сатылганы аныкталды. Ошентип, "Ош базары" боюнча рейд аягына чыкты.

Милициядан билдиришкендей, аталган каражаттарды сатуунун талаптарын жана тартибин бузган жарандар административдик жоопкерчиликке тартылышат.

Бишкек шаардык милициясы эскертет:

- пиротехникалык каражаттарды техникалык талаптарга ылайык гана колдонуу кажет;

- жанында ата-энеси жок өспүрүмдөргө пиротехникалык каражаттарды бербеш керек;

- пиротехникалык каражаттарды эл чогулган жерде жана тез жарылуучу заттардын жанында колдонбоо керек;

- иштетилип жаткан пиротехникалык каражатты адамга каратып аттырбаш керек.






"Ош базарда" пиротехниканы мыйзамсыз сатууга каршы рейд (24.12.2015)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
24.12.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Колунардан келсе такырле сатууга тыйуу салып салбайсынарбы,оокат кылып аткан бир байкуштун товарын тартып албай.
24.12.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Фейерверк мененда оокат кылмак беле, бул деги куноода, бул майрам биздики эмес каапырлардыкыда! Ушуну саатууну Кыргызстанда сатууга тыйуу салса жакшы болмок.Бул балакеттен арылмакпыз.
Медиа-портал
24.12.2015. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
анучун кытайдан киргизбей койгула тиммеле документальный келгенсип карапайым элди баса калбай бир чон бизнесмендер оптом ташышат ошолордон баштагыла рейдди
Медиа-портал
25.12.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krem,туура айтасын бул кыргызстандан чыкпайт да, кытайдан кантип келди ошондо
Медиа-портал
24.12.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элге кыйын эле болду. Эл учун иштебеген мыйзамдардын эмне кереги бар.
25.12.2015. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш озу кош бойлуу болсо, курсактагы баланы сыйлап деле калтырып кетишсе болмок. Алсыз экоону кармап, калганын качырып ийип жаман болуптур.
25.12.2015. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1-ден таможныйдан ушуга окшогон жарылуучу заттарды откорбошу керек анан келип алып карапайым адамдарды кыйнай бергендин кереги жок
25.12.2015. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйын болсоңор өлкөгө таптакыр киргизбегиле,ал жактан акчаны алып өткөрүп ийип,кайра элдерден тартып албай.булар да убакыттан пайдаланып акча таап алалы деп атышат да.
25.12.2015. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карапайым калкка калп эле рейд кыла бербей Чек араны кошуналардан коргоп албайсынарбы Пиротехниканын неси мыйзамсыз? Салют жаны жылда дайым эле атылат. Жанагы банкылдак жаш балдар ойногон ошол сыяктууларды жок кылыш керек
25.12.2015. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балдар ойноп жургон жарылгычты таптакыр жок кылыш керек. Абдан зыян балдар бири-биринин капюшонуна ыргытып, кулагынын тарсылдагы жарылып, турдуу окуялар болууда. Ошону саткандар дагы ойлонбойт экен да.
25.12.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кучунор кош бойлуу аялга жеттиби? Сатууга мумкун эмес болсо границадан киргизбей койгула. Бир бечаранын товарын тартып албай.
25.12.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нерселердин баары кыргызстандын озундо жасап чыгарылат.Новый Век деген заводто,ошону эле жаап койсун
25.12.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тыюууу сала турган болсонор чек арадан таптакыр киргизбегиле карапайым калк тыйынга зар болуп иштеп жатса кармап албай
25.12.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде мыйзам кучтуу иштейт бирок карапайым калк учун а байлар жана чондорго кучу жетбейт
25.12.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде мындай каражаттарды сатууга тыюу салына турган болсо, анда алгач Кыргызстандын аймагына ал каражаттардын алынып кируусуно тыюу салынуусу зарыл. Товарды башка жактан сатып алып келип алган жарандар ал товарларды озу жемек беле анан? Сатыкка коёт да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: