super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: "Бийликти бир партиянын колуна берүү максатым болгондо, КСДП парламентке 90 пайыз мандат менен өтмөк"

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында 2015-жылкы иши жана кийинки жылдарга пландары тууралуу айтып берүүдө. SUPER.KG порталынын "Жакында 6-чакырылыштын депутаттарына кайрылууда президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, толук парламенттик башкарууга өтүү керектигин айттыңыз. Бул деген иш жүзүнө премьер-министрдин позициясын бекемдөөнү билдирет. Бул парламенттик башкаруу модели Кыргыз Республикасына ылайыктуу экенине көз жеткендикпи? Коомчулукта "бийликти бир партия ээлеп алат" деген кооптонуу бар" деген суроосуна президент мындай жооп узатты:

"Ар бир адам өзүнө жараша мамиле кылат. Бийликти бир партиянын колуна өткөргүм келсе, анда КСДП парламентте азыр 90 пайыз мандат алып отурмак. Эки жылдан кийин президенттик мөөнөтүм бүтсө, бир күн да кызматта тургум келбейт. Андай оюм болгондо, мен адилеттүү шайлоо өткөрмөк эмесмин. КСДП жок дегенде "Ак жолдой" мандатка ээ болмок. 5 жыл бардак, хаос болмок.

Президенттин кээ бир укуктарын премьерге берсек жаман болбойт.
Президентте армия бар, премьер-министрде ИИМ бар. Эки кочкор сүзүшүп баштаса эмне болот? 2011-жылкы президенттик шайлоодо мен 63 пайыздан көп добуш алгам. Ал эми 2017-жылы эки талапкер 50 пайыздан добуш алып, талаштын айынан жаңжал чыгышы мүмкүн. Президенттикке жаш, кызуу кандуу жигит, ал эми өкмөт башына дагы бир ошондой жашы келип калса, эмне болорун элестетип көргүлөчү. Мен президент катары буга жол бербейм. Президент менен премьер атышкан өлкөлөр бар, мисалы, Африкада. Мен президенттиктен кеткенден кийин бармак тиштеп өкүнүп калбасаңар экен. Ошондой болбосун деп аракет кылып жатам".






Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны (Толугу менен)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: