super.kg logo
  Саясат  

"Дүйнөдө авиакеросиндин наркы кескин төмөндөп жатса, бизде мурдагы бойдон калды. Башка өлкөлөрдөн эки эсе кымбат" деди Чыныбай Турсунбеков

 

Премьер-министр Темир Сариев жакында Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна кирип, бир катар убактылуу жеңилдиктерди алгандыктан, аба жолу аркылуу товар ташуу агымын Кыргыз Республикасынын аймагына буруу максатында аэробекеттердеги ар кандай жыйымдардын тарифтерин төмөндөтүү жана товарлар менен жүргүнчүлөрдү жол-жоболоштуруу санын азайтуу чаралары көрүлүп жатканын айтты.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өкмөт "аэробекеттердеги жыйымдардын өлчөмүн мурдагы 10 доллардын ордуна азыр 15 долларга чейин көтөрүп жаткандыктан, тартифтерди төмөндөтүү чаралары көрүлүп жатат" деген пикирге кошулбай турганын айтты. Турсунбеков кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын аба катнашына жана чет өлкөлөрдөн жүк ташып келүүсүнө оорчулук келтирип жатканын билдирди.

"Дүйнөдө авиакеросиндин наркы кескин төмөндөөдө. Ал эми бизде мурдагы бойдон калды. Башка өлкөлөрдөн эки эсе кымбат. Мисалы, Түркияда 1 тонна керосиндин баасы – 400 доллар, Кыргыз Республикасында – 800 доллар. Буга кимдир бирөөлөр кызыкдар болууда. Мындай абал жарандарыбыздын аба катнашына жана жүк ташуусуна терс таасирин тийгизет. Өкмөт бул маселени көзөмөлгө алышы керек",- дейт депутат.

Сариев аэробекеттердеги мындай кыйчалыш абалдан кабары жок экенин айтып, аны иликтеп чыгууну, тиешелүү чараларды көрүүнү, ал тууралуу депутатка маалымат берүүнү убада кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: