super.kg logo

Бишкектеги райондук билим берүү борборунун жооптуу кызматкерлерине окуу куралдарын кымбат баада сатып алышы боюнча кылмыш иши козголду

 

ИИМдин 5-Башкармалыгы тарабынан жалпы билим берүү мекемеси тарабынан мамлекеттин кызыкчылыгы корголбой окуу куралдарынын сатылып алынышы аныкталган. Бул тууралуу 24-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын июль айында Бишкектеги Ленин районунун билим берүү борборунун жооптуу кызматкерлери 3 848 000 сомго окуу куралдарын сатып алуу боюнча "Оптима Технолоджис" ишканасы менен келишим түзүшкөн. Текшерүү учурунда протоколго окуу куралдары 3 340 000 сомго сатылып алынгандыгы жазылганы белгилүү болгон. Жооптуу кызматкерлер июль айында эле алдын ала ишкананын эсебине 2 100 000 сом которушканы менен, ушул күнгө чейин окуу куралдары алынып келинген эмес. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.12.2015. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте кээ бир мектептер ошол мектептин суроту бар кундолукторун бут мектепке керек дептер калем альбом китеп тыш баарын базар баасынан эки эсе кымбат кылып ата энелерге алдырат Бир баласы болсо мейли Беш баласына кантет?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: