Алмазбек Атамбаев "журналист Орунбековду эч качан кечирбейм" деди
"Мен журналист Орунбековду эч качан кечирбейм. "Оштогу жаңжалга от жаккан" деп мени 5 жыл бою каралап келди. Чыдадым 5 жыл. Мен өлкөнүн президентимин, акыры тажаганда сотко берип, ири суммада айыпка жыгылды. Эгерде 4-5 миң сомдук айыпка жыгылса, ай сайын төлөп коюп, ушактоосун кайрадан улантмак. Кимден акча алып мени жамандап жазып жүрсө, эми ошолоруна барып жардам сурасын. Эгер дагы ушактап жазчу болсо, дагы сотко берем",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда журналисттер менен жолугушууда.
Мамлекет башчы журналист абийир менен иштеп, фактыны гана жазышы керектигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, журналист Дайырбек Орунбеков "президент тууралуу жалган маалымат жазды" деп айыпталып, сот тарабынан 2 миллион сомго айыпка жыгылган.
Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны (Толугу менен)


