Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун кызматтан кетери же кетпеси январда каралат
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун маселеси январда каралат. Муну мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. "Албетте, сөзүмө турам. Жылдын жыйынтыгы менен мэрдин ишине баа берилет. Мэрдин таштанды чыгаруу боюнча киргизген системи мага жакты. 25 жылдан бери мындайды эч ким ойлогон эмес. Азыр таштанды чыгаруу айдоочулар үчүн пайдалуу болуп калды",- деди президент.
Белгилей кетсек, быйыл сентябрда Алмазбек Атамбаев Бишкектин мэри чарбачыл экенин иш жүзүндө көрсөтө албай жатканын айтып, эгерде жыл аягына чейин шаардын тазалыгы жакшырбаса, кызматтан кетерин эскерткен эле.
Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны (Толугу менен)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

