super.kg logo
  Саясат  

Президент УКМКнын төрагалыгына эмне үчүн Абдил Сегизбаевди дайындаганын айтты

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда маалымат жыйынында УКМКнын төрагалыгына эмне үчүн Абдил Сегизбаевди дайындаганын айтты. Анын билдиришинче, мындай кадам - учурдун талабы.

"Биринчиден, Сегизбаев профессионалдуу чекист, учурдагы менин кеңешчим Бусурманкул Табалдиев менен эки жыл тыгыз иштешти. Экинчиден, ал аналитика тармагына жооптуу болчу. Менимче, аналитика - эң маанилүүсү. Бүгүнкү күндө "Ислам мамлекети" жана башка террордук топтор жүргүзүп жаткан пропаганданы токтотуу керек. Сегизбаев муну жасай алат деп ишенем.
Акаевдин кадры дешет. Эгерде ал өлкөнүн эмес, өзүнүн кызыкчылыгын ойлосо, башка кызматты сурамак. Кийинки президент Сегизбаевди кызматтан баары бир алып салат",
- деди өлкө жетекчиси.






Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны (Толугу менен)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: