Алмазбек Атамбаев аэропорттон алынуучу 15 доллар боюнча оюн айтты
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөдөн сырткары учуучу жарандардан 15 доллар аэропорттук төлөм алуу демилгесин колдойт. Муну президент бүгүн, 24-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Өлкө жетекчиси Бишкек шаарынан "Манас" аэропортуна барчу жолду мисал келтирип: "Бул жол үчүн бүтүндөй өлкөнүн жарандары төлөшү керекпи же бул жолдон жүргөн жарандар элеби? Бул жол мамлекетибиздин жүзү, өлкөбүзгө туристтер, инвесторлор да ушул жол аркылуу киришет. Алар кыргыз жерине келгенине сүйүнгүдөй болушу керек. Анын үстүнө ички каттамдар менен учкандардан 15 доллар алынбайт. Сыртка учкандардан гана кармалат",- деди.
Эскерте кетсек, 15 долларлык төлөм алуу ниетин өкмөт жакында билдирген. Түшкөн акчага аэропорт жолдору, учак конуп-учуучу тилкелер оңдолуп, айрым карыздар жабыла турганы айтылууда.
Атамбаев аэропортто алына турган кошумча төлөм тууралуу айтты





