Каракол шаарында 10 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип жездеси камакка алынды

Каракол шаарында 10 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип жездеси камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, каза болгон кыздын жездеси кылмышка атасынан өч алуу үчүн барган.
“Кечээ, 24-декабрда саат 16:30да укук коргоо органдарына өлтүрүлгөн кыздын атасы телефон чалган. Ал үйүнө жумуштан келип, 2005-жылкы кызынын жана 2007-жылкы баласынын жарадар болуп жатканын көргөн. Кийин кыз жан берген. Ал эми анын бир тууган иниси оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган”,- деди Усубакунов.
Милицияга белгилүү болгондой, окуя 24-декабрда саат 11:00 чамасында болгон. Жусуп аттуу 1963-жылкы балдардын жездеси үйдө балдар жалгыз калганын билип келген. “Биринчи ал 8 жаштагы баланы балтанын башы менен чапкан. Башына тийген катуу соккудан жашы жете элек өспүрүм эс-учун жоготкондо, жездеси 10 жаштагы кызды ошол эле балта менен бир нече ирет чапкан. Алган жаракатынан секелек кыз жан бергени белгилүү болду.
Ал эми үйгө жездеси келип, аларга кол салганын 8 жаштагы бала эсине келгенде айтып берди. Учурда Жусуп аттуу адам кармалып, ал кылган ишин мойнуна алды. Шектүү Каракол шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча кылмыш иши 97-берене (адам өлтүрүү) менен козголду”,-деди басма сөз кызматынын жетекчиси.


мен төрдө иштеп тишим ошондойго өткөндө ушуга окшогон акмактарды кармаган күнү аттырып салмакмын.
тамак жебей балеени жебейби ошол жездеси.
атуу деген закон чыгарып жаш балдарды зордуктап өлтүргөндү өлтүрүп сөөгүн бербей терорчулардай кылуу керек ошондо өлүмдөн коркуп кылмыш азайат болуш керек.
(менин ойум жемелеш жок!)
жүрөт баары кыйын болуп.