Казакстандын футбол боюнча улуттук курамасынын машыктыруучусу элдик добуш берүүнүн негизинде аныкталат

Казакстандын футбол боюнча улуттук курамасынын машыктыруучусу элдик добуш берүүнүн негизинде аныкталат. Бул тууралуу казакстандык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, добуш берүүдө жергиликтүү жана чет элдик машыктыруучулардын талапкерлиги көрсөтүлөт. Талапкерлердин ысымдары 26-декабрда белгилүү болмокчу. Добуш берүү 2 баскычтан туруп, алгачкы турдун добуштарынын жардамы менен негизги талапкерлер иргелет.
Кошумчалай кетсек, Казакстан курамасын буга чейин машыктырып келген Юрий Красножан менен келишим узартылбагандыктан, ал кызматынан кетет. Казак боордоштор эмне себептен машыктыруучуну добуш берүү жолу менен аныктоону тандап алганы азырынча белгисиз. Ошентсе да алардын бул кадамын көпчүлүк жакшы кабыл алып, талкуулап жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Mars55

25.12.2015. 11:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура эле деп ойлойм.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.