super.kg logo
  Спорт  

Айсулуу Тыныбекова, балбан: "2016-жылы Олимпиада оюндарында медаль утканга милдеттүүмүн"

 

Эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курамасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова 2015-жылкы ийгиликтерине көз чаптырып, жыйынтык чыгарды. Ошондой эле 2016-жылга карата пландары тууралуу ой бөлүштү.

"2015-жылдын башында мен бир мелдеште 2-орунду алдым. Ошону менен бир жыл бою көп мелдештерде 2-орунду ээлеп калдым",- деди балбан кыз.

2016-жылга карата пландары жана "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы тууралуу сөз болгондо төмөнкүлөргө токтолду: "2016-жылга көптөгөн пландар бар. "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алуу керек. Анан, албетте, бул жолу Олимпиада оюндарында медаль утпай калганга укугум жок. "Лондон-2012" Олимпиадасына барып, эч нерсе ута алган жокпуз. Бул жолу жөн эле барып келүүнү пландаган жерибиз жок".

Кошумчалай кетсек, балбандарыбыз Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн 2016-жылы март, апрель жана май айларында орун алчу 3 ири мелдешке катышат. Алардын бири Азия чөлкөмү боюнча тандоо мелдеши (18-20-март аралыгында Казакстандын Астана шаарында өтөт). Калган экөө дүйнөлүк тандоо мелдештери (22-24-апрелде Монголияда жана 6-8-майда Түркияда өтөт).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
25.12.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын! Ойлогон ой максаттарын оорундалсын!Сенден коп ийгиликтерди кутобуз.
25.12.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Аял озунун аялдык табиатын бузбаган спорт менен машыкса жакшы болмок, анткени олимпиада чемпиону болгон менен аялдык бакыттан алыстап кетиши мумкун
25.12.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эркектерге тиешелуу спорт менен машыккан аял эркектерге окшоп калат, жумшак, назик болуп бала тороп анан аны чемпион кылып, патриот кылып тарбияласа ошол Олипиада чемпиондугунан да Чон жениш
25.12.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар ким жашоого коз карашы ар кандай,ошондой эле эч кимдин турмуш тандоосу талкуланууга тийиш эмес урматтуу замандаштар....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: