super.kg logo

Базар-Коргон районунда 180 орундуу 2 бала бакча ачылды

 

Базар-Коргон районунда 2 бала бакча ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Аук айылында 90 балага ылайыкташкан жаңы бала бакча ачылды. Учурда анда наристелер 3 топко бөлүнүп тарбияланышууда. Жергиликтүү демөөрчү 2 миллион сомго бала бакчага керектүү болгон эмеректерди жана трансформатор алып берди. Ал эми райондук билим берүү бөлүмү кадр маселесин чечсе, наристелердин ата-энелери бала бакчаны идиш-аяк менен камсыздашты.

Ошондой эле Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылында дагы бир бала бакчанын ачылышы болду. Анда 90 наристе тарбияланууда. Райондун гранттык каражаттарынын эсебинен 3 миллион сом бөлүнүп, ага бала бакчанын тегерек-чети темир менен тосулду. Андан тышкары “Айылдын ден соолугу” комитети бөлгөн 800 миң сомго керектүү эмеректер алынып, жергиликтүү тургундардын эсебинен 85 миң сомго бала бакчада оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: