super.kg logo

Өмүрбек Текебаев: "Исхак Раззаковдун өмүр жолу - эмгек менен зор ийгиликтерге жетүүнүн бийик үлгүсү"

 

Бүгүн, 25-декабрда Бишкекте Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын демилгеси менен муктаж жана жетим балдар үчүн жаңы жылдык балаты уюштурулду. Балдар алгач улуу инсандын өмүр таржымалы, жашаган үйү менен таанышып, андан кийин Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусундагы жаңы жылдык балаты майрамын депутаттар менен биргеликте шаңга бөлөштү. Жаңы жылдык балатынын аягында балдар Аяз атанын, депутат жана келген коноктордун колунан жаңы жылдык белектерин алышып, алар менен эстеликке сүрөткө түшүп, үйлөрүнө кубанычтуу тарашты.

Мемориалдык үй-музейдин директору Арман Момоханова белгилегендей, Исхак Раззакович ата-энесинен эрте ажырап, балдар үйүндө чоңойгондуктан, муктаж жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына абдан аяр жана жылуу мамиле жасаган. Ошондуктан ал Кыргызстан компартиясынын 1-катчысы болуп турганда ар жылы 25-декабрда өз үйүндө балдар үчүн жаңы жылдык балаты орнотуп, оюндарды уюштуруп жана өз колу менен белектерди тапшырууну салтка айландырган. "Исхак Раззакович баштаган бул салтты Өмүрбек Чиркешович лидерлик кылган ЖКнын "Ата Мекен" фракциясынын улантып жатканы бизди кубантат. Депутаттарыбызды Исхак Раззаковичтин арбагы колдосун",- деди директор сөзүнүн аягында.

Мындай салтты "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары ушул жылдан баштап улантууну колго алышты. Бүгүнкү балаты майрамына келгендерди куттуктап жатып "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев буларга токтолду: "Урматтуу балдар! Кыргыз элинин чыгаан мамлекеттик ишмери Исхак Раззаков ата-энесинен эрте ажырап, балдар үйүндө өсүп-чоңойгон. Ага карабастан, ал киши зор ийгиликтерге жетишип, өлкөбүздүн биринчи адамы болгон. Исхак Раззаковдун өмүр жолу - эмгек менен зор ийгиликтерге жетүүнүн бийик үлгүсү".

Майрамдык балатынын жүрүшүндө Исхак Раззаков баштаган бул салт жыл сайын 25-декабрда өткөрүлүп турары белгиленип, улуу инсандын мемориалдык үй-музейин жакшыртуу маселелери да депутаттар музей менен таанышып жатканда айтылды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
25.12.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эх Раззаковтой адам 100жылда бир туулса керек((азыр бизге дал ошондой адам керек
25.12.2015. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ali1995, туура айтасын. Раззаковдой адам болгондо 5 жылда коколойт элек. Азыркыдай эч кимге жалдырабайт элек
25.12.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Билет экенсинер жок дегенде бироонор улгу алгыла да шагырабай.
26.12.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Сен ак болсон мен ак болсом
Коомда таза болот" деген создорун калтырып кеткен агабыздан улгу алып,таза иштесек Кыргызстаныбыз тез эле онугуп кетет!
26.12.2015. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pepew95., Туура жазылышы төмөнкүдөй: "Коом деген сени менен мен, сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот" Исхак Раззаков!
26.12.2015. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер титиреди Ошто
26.12.2015. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудайга сактай кор!!Кайсыл жер болду экен очогу?
26.12.2015. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тушумдо титирегендей болуп атты эле ойгонсом онум экен.Э АЛЛАХ сактай кор кагылайын.
26.12.2015. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым озун сакта жер титиреди бизде дагы
26.12.2015. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл жерлерде титиреди жазып койгула аксыда
26.12.2015. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул жерде жер титирегенин айтууга уят. Улуу инсан Исхак Раззаковду айтуу менимче жакшыго туугандар. Алла таала Бир жаратат бул кишини жаткан жери жайлуу болсун. Эмгеги синирген Адам Кыргызстанга. Текебаев кошулбай койсода болмок аны менен элдин ишенишине кириш кыйынго деймин, эл сизди билет Омурбек Текебаевти. Раззаков акебиз зынк киши мактап буткус.
26.12.2015. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Manaskg.1, кудайым барыбызды бир жолу жаратат билсен
26.12.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Manaskg.1,Текебаев сыяктуу асыл адамдар, мындай улуу адамдардын арбагын сыйлап, уй музейин ачканга 1995-жылы атайын мыйзам чыгарышкан. Быйыл 10 жыл толуптур, балдарга жылыга балаты уюштуруп, аксакалдын салтын улап жаткан Текебаев инибизге ырахмат айтышыбыз керек.
26.12.2015. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыркы бийликтин ошондой ийгиликтерге жетуусуно емне тоскоол болуп жатат
26.12.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
дагы туулуп калар.
26.12.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Арбак ыраазы болмоюн, тируу ыраазы болбойт" дегендей, Текебаев болобу, Атамбаев же дагы башкасы болобу, Раззаков сыяктуу адамдарды эскеруу гана керек. Ал эми ал баштап кеткен мыкты салттарды улантуу кийинки муундардын милдети болуш керек. Раззаков, Ибраимов Султан деген азамат атуулдарыбыз кыргыз элинин гулдоп осушуно салым кошкон азаматтар экени тарыхый чындык. Текебаев баштаган депутаттар Раззаковдун уй музейине барып, балдарга белек берип, алар менен бирге майрамдашын колдоо гана керек.
26.12.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Polat, Окунучтуусу ошол инсандын жолун азыркы аткаминерлердин эч кимиси жолдобогондугу да.
27.12.2015. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Андай киши туулуп калар,биронун калтасында журот да
27.12.2015. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Исхактай адамдар бар. Болгону,иштегенге мумкунчулук беришпей,куугунтуктап,камап жатышат.
27.12.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG, туура.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: