super.kg logo
  Спорт  

Өзбекстандык калыс Равшан Ирматов мыкты калыс катары, Лионель Месси мыкты футболчу катары сыйланды

 

ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) калысы, өзбекстандык Равшан Ирматов "Globe Soccer Awards-2015" сыйлыгына ээ болду. Сыйлык тапшыруу аземи 27-декабрда Дубайда өткөнүн чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ирматовдон тышкары бул сыйлык "Барселона” футболдук клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Мессиге, португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун агенти Жорже Мендешке тапшырылды. Ошондой эле дүйнөнүн мыкты футболдук клубу катары “Барселона” аталды.

Сыйлык ээлерин футбол ишмерлери, мурунку футболчулар жана машыктыруучулардан турган калыстар тобу аныктады.

Кошумчалай кетсек, Равшан Ирматовду кыргыз жеринде анын Дүйнө чемпиондугундагы эмгектеринен улам билишет. Себеби Р.Ирматов жетектеген калыстар бригадасына жердешибиз Бахадыр Кочкаров кирип, эки ирет Дүйнө чемпиондугунда калыстык милдет аткарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.12.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Антон Землянухин жок го
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-28 09:56:10
28.12.2015. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аренага чыгыш учун Антонго коп бар
28.12.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Равшан ака молодец
29.12.2015. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыры Роналду алган болчу мыкты оюнчуну
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: