Бишкектин Арча-Бешик конушунда Жаңы жылга карата иш-чара өттү
Бишкектин Арча-Бешик конушунда Жаңы жылга карата иш-чара өттү. Муну бүгүн, 28-декабрда шаар мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ленин районунда “Жаңы жыл сенин корооңдо” аттуу акция өттү. Иш-чара Түштүк магистраль менен Бах көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде уюштурулду. Балдар үчүн жомоктордогу каармандардын катышуусу менен атайын концерттик программа көрсөтүлдү. Ал эми балдар Аяз ата менен Аяз кызга ырдап-бийлеп берип, белектерге ээ болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:24
2025-11-07
15:27
2025-11-07
14:27
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















