super.kg logo

"Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору ага каршы добуш берген окутуучуларга кысым көрсөтүп жатат" дейт окутуучу

 

"Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиев академияга өз менчигиндей мамиле жасап жатат. Ал өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, окутуучуларга кысым көрсөтүүдө. Тактап айтканда, ректорду шайлоодо ага каршы добуш берген мугалимдерди 3 жылда бир болуучу окутуучулардын сынагынан өткөрбөй коюу аракетин көрүп жатат". Мындай маалымат бүгүн, 28-декабрда социалдык тармактарда пайда болду. Маалыматтын таратуучусу катары окутуучу Кожошкан Мусалиева аталууда.

Маалым болгондой, 13-ноябрда окуу жайдын ректорун шайлоо иш-чарасы өткөн. Анда окутуучулар, окуу бөлүмүнүн уюштуруу жана башкаруу кызматкерлери жабык добуш беришкен. Т.Иманалиевдин талапкерлигин колдоого албаган кызматкерлер учурда запкы көрүп жатышат.

"Айрым окутуучулар добуш берилген учурда тиешелүү кагазды сүрөткө тартып алып, аны далил катары ректорго беришкен. Ошондой эле ректор окутуучулардын баарын бирден чакырып, "Кимге добуш бердиң?" деп сурап, кысымга алган. Мен, Кожошкан Мусалиева, анын душманына айландым. Сынак учурунда мага тиешеси жок суроолорду берип, "менин чыгарган чечимиме каршынын баарына мен каршымын" деп ачык жарыялады. Ректордун мындай жоругуна 31 адам күбө болгон",- деп жазылат катта.

SUPER.KG порталы ректорго байланышуу аракетин көрүп жатат. Окуянын чоо-жайын билип, ал тараптын да пикирин укмакчыбыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.12.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи бир гана спорт тармагында эмес, бардык тармакты интеллекти пас адамдар башкарып калган. Ошол тармактын туболук кожоюнундай сезишет оздорун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: