super.kg logo

Улуттук гвардиянын аскер кызматкеринин өлүмү боюнча кылмыш иши ачыла элек (аты-жөнү)

 

Бүгүн, 28-декабрда Улуттук гвардиянын №714-аскер бөлүгүндө аскер кызматкеринин өлүмүнө алып келген кырсык боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоо маселесин карап жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгилүү болгондой, каза болгон Асылбек уулу Азамат 1997-жылы туулган, анын ичине бир ок тийген. Ооруканада жаткан Матислам Марипов 1995-жылы туулган, ага үч ок тийген. Кароолчу Мейилкул уулу Аскар 1996-жылы туулган.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-декабрда болжол менен саат 03:00дө Улуттук гвардиянын Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан аскер бөлүгүндө кароолчу постко кетип баратканда, ошол аскер бөлүгүндө кызмат кылган эки жигит ага кол салганга аракет жасашкан. Кароолчу коркуп кетип аларга карата ок чыгарган. Мындан улам Асылбек уулу Азамат аттуу аскер кызматкери саат 07:00дө ооруканада көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.12.2015. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: