super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Чаткал районунда суу түтүктөрү жарылып жатат. Түтүктөрдү оңдогон компания "билгениңерди кылып алгыла" деп койду" деди окурман

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда суу түтүктөрү жарылып, суу Жаңы-Базар айылын каптап жатканын окурман 28-декабрда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

2014-жылдын ноябрь айында аталган айылда иштен чыккан суу түтүктөрүн капиталдык оңдоп-түзөө боюнча тендер өткөрүлүп, аны “Скай” жеке курулуш компаниясы уткан. Ошондон бери жумуш башталбай, ушул жылдын август айында гана мурда иштеп жаткан колонкалар сырдалып, оңдомуш этилди. Бул долбоорго 1 миллион 200 миң сом бөлүнгөн, бирок биздин эсептөөлөр боюнча, 300 миң сомдой гана акча иштетилди”,- деп билдирди окурман.

Ал кошумчалагандай, курулуш компаниясы суу түтүктөрүн оңдоп, бир ай мурун айыл өкмөтүнө өткөрүп бериши керек болчу. "Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “аталган компания аткарган жумушун бизге өткөрүп бере элек” деп жатышат. Ал эми “Скайдын” башчысына бул боюнча барсак, “Мен жасаган жумушумду комиссияга өткөрүп бергем. Билгениңерди кылып алгыла” деп жергиликтүү тургундарды кетирип салды",- дейт окурман.

"Бул иш боюнча Башкы прокуратурага кайрылдык, алар болсо облус прокуратурасына жиберишкен экен. Ошол бойдон иш ордунан жылбай турат. Учурда Чаткалдан бери Бишкекке келип, премьер-министр Темир Сариевге жолугалы дегенбиз, бирок жолуга албай жатабыз",- дейт нааразы окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
28.12.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жетекчиси ким болду экен? Эми Чаткалдык туугандар таарынбагыла бирок суу тутукторун да туура пайдалануу керек.Сууну чыгарып бергенден кийин жасаган ишкана откоруп берсе андан ары тонуп калганына да ошолор куноолуу болбосо керек
28.12.2015. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суу каптады десе сел каптадыбы депмин
29.12.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туурале "билгенинерди кылып алгыла дептир", сууну чыгарып, ондоп бергени аз келгенсип кыштай тондурбай жылуулап бериш керекпи?! Укмуш деле суу каптап кетпептир, айылдагы кадимки кышкы корунуш, коп эле айылдарда болуп турат, жакшы карашпаса.
29.12.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ туура эмес тушунуп жатасынар.
"Скай компания 1мл 200 мин сом алып
Жаныбазар айылындагы суу тутугуно
алынган акчадан 3/1гана иштетишкеи
айтылган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: