super.kg logo

Түштүк Америкада суу ташкынынан улам 160 миңден ашык жаран турак жайларын таштай качууга мажбур болду

 

Латын Америкасында жайгашкан Парагвай, Аргентина, Уругвай жана Бразилия сыяктуу мамлекеттердин 160 миңден ашык жараны суу ташкынынан улам турак жайларын таштай качууга мажбур болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Аргентинанын Чако, Энтре-Риос, Корриентес, Формоса Санта-Фе провинцияларында (бул Уругвай, Парагвай мамлекеттери менен кесилишкен аймак) дарыялардагы суу ташкынынан улам 20 миңден ашык жаран коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Конкорди шаарында болсо 10,5 миң жаран үй-жайсыз калган. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, бул акыркы 50 жылдагы эң ири суу ташкыны.

Уругвайда анын кесепетинен жабыр тарткандардын саны 10 миңге чукулдап барат. Алардын 1800ү коопсуз жайга көчүрүлсө, 7100 жаран үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду. Өлкөнүн түндүгүндө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Парагвай өлкөсү да бир топ жабыр тартканы айтылууда. Кийинки суу ташкыны өлкө борбору Асунсьон шаарын каптап кетүүсү мүмкүн экени болжонууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: