Бишкекте 700 бала үчүн жаңы жылдык майрам уюштурулду
Бишкекте 700 бала үчүн жаңы жылдык майрам уюштурулду. Муну бүгүн, 28-декабрда шаар мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында Свердлов районунун балдары үчүн жомоктогу каармандар менен чоң куурчактардын катышуусунда иш-чара өттү. Район башчысы Айнагүл Чылабаева балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, бардык ой-тилектеринин ишке ашуусун каалап өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында балдарга белектер таратылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:23
2025-11-07
21:24
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















