super.kg logo

Жылнаама, 29-декабрь: Мындан 86 жыл мурун "Mercedes", "Maybach" компанияларын негиздеп, "конструкторлор падышасы" атка конгон немис автоконструктору Вильгельм Майбах көз жумган

 

* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы ырчы жана актёр Нурбек Савитахунов Фрунзе шаарында төрөлгөн. Борбордук Азиядагы Америка университетинен саясат таануу адистигин аяктаган. “Малышка Би” аттуу ырды “Oakland” тобу менен биргеликте ырдап эл оозуна алынган.

* Мындан 86 жыл мурун, 1929-жылы немис автоконструктору жана ишкери Вильгельм Майбах 83 жашында Германиянын Штутгарт шаарында дүйнөдөн кайткан. Ал "Mercedes", "Maybach" компанияларын негиздеп, "конструкторлор падышасы" деген атка конгон.

* Мындан 22 жыл мурун, 1993-жылы советтик актёр, СССРдин Эл артисти (1984), СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978) Фрунзик Мкртчян 63 жашында Еревандагы үйүндө көз жумган.
Фрунзик Мкртчян 1930-жылы 4-июлда Армениянын Ленинакан шаарында туулган. 1945-1946-жылдары А.Мравян атындагы театрдын алдындагы студияда окуп, 1947-жылы аталган театрда актёр болуп иштей баштаган. Фрунзик Мкртчян окуп жүргөн кезинде эле тасмаларга тартылып, 1955-жылы "В поисках адресата" аттуу анын катышуусундагы тасма жарыкка чыккан. Андан соң актёр "Кавказская пленница, или Новые приключения Шурика", "Тридцать три", "Белый рояль", "Мужчины", "Каменная долина", "Мимино", "Приключения Али-Бабы и сорока разбойников" ж.б. тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.

* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы шотландиялык футболчу Фил
О`Доннелл
35 жашында дүйнө салган. "Мотеруэлл" жана "Данди Юнайтед" клубдарынын беттеши учурунда мотеруэллдик Фил О`Доннелл атаандашынын дарбазасына гол киргизип, сүйүнүчүн күйөрмандары менен бөлүшүү үчүн чуркап бара жатканда кулап калган. Ага медицина кызматкерлери жардам берүүгө аракет кылышып, бирок өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

29-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: