super.kg logo

Кыргыз мамлекетин дүйнөгө тааныткан спортчулар 114 жаштагы Алма Назарбековадан кабар алышып, Жалал-Абаддын жаштары менен жолугушту (фото)

 

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун 114 жаштагы тургуну Алма Назарбековадан мамлекетибиздин атын дүйнөгө чыгарган спортчулары кабар алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Дүйнөнүн жана Азиянын чемпиондору Данияр Бабакулов, Азат Усеналиев, Уланбек Касымбеков, Рустам Тыналиев, Орозбек Афтандил уулу жана Кубанычбек Көкүмов Алма апанын жашоо шарты менен таанышып, ден соолугун сурап, атайын алып келген белектерин тапшырып кайтышты. Спорт чеберлеринин бул аракетине кубанган Алма апа спортчуларга бата берип узатты. “Силердин келгениңердин өзү мага майрамдык белек болду. Силер да менин жашыма жеткиле. Жолуңар ачык болуп, жамандык көрбөгүлө”,- деди Алма апа.

"Жылдын мыкты спортчулары Жалал-Абаддын жаштары менен жолугушуу кечесин өткөрүштү. Жолугушуунун алкагында спорт жылдыздары жаштар менен таанышып, аларды кылмыштуулуктан алыс болууга жана мекенди сүйүп, коргоого чакырып, жаштарды кызыктырган суроолорго жооп берип, эстелик үчүн сүрөткө түшүштү",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
29.12.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах ыраазы болсун озумун акелеримго эн жакшы кылыпсынар
29.12.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай патриот балдар кобойо берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: