Шопоков шаарында министр Жаңы жыл майрамына карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды куттуктады














Чүй облусунун Шопоков шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган социалдык мекеменин тарбиялануучулары үчүн Жаңы жыл майрамы уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада аталган министрликтин башчысы Кудайберген Базарбаев балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерди тартуулады. Мындан тышкары балдар үчүн Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусунда программа менен майрамдык дасторкон уюштурулду. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгүнүн башчысы Юки Мокуо жана Шопоков шаарынын мэри Сулейман Умаралиев да балдарга белектерди тапшырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.