Түркия президенти Эрдоганды социалдык тармактарда сынга алган 17 жаштагы өспүрүм камакка алынды

Түркиянын Текирдаг аймагынын 17 жаштагы тургуну өлкө президенти Тайип Эрдоганды Фейсбук социалдык тармагында мазактагандыгы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу "Hurriyet" гезити жазып чыкты.
Маалым болгондой, өспүрүмдү тиешелүү органдын кызматкерлери үйүнөн кармап, жакын аймактагы полиция бөлүмүнө алып барышкан. “Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканына карабастан, сот аны камакка алуу чечимин кабыл алды”,- деп жазат аталган басылма.
Чет элдик маалымат булактары түрк президентин ушундай көрүнүштөргө байланыштуу сындап келишет. Буга чейин "Түркия Сириянын аймагына курал жеткирип жаткан болушу мүмкүн" деген шек менен иликтөө жүргүзгөн журналисттер да камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
Жагып жаткан болсо, барып жашап көргүлөчү ошондой шартта. Баш кесмей бар, тил кесмей жок деп илгери эле айтышкан. Сөз эркиндиги болгону жакшы.