super.kg logo

2015-жылы өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар 225 адамдын өмүрүн сакташты

 

2015-жылы республиканын аймагында 226 өзгөчө кырдаал катталды. Былтыр бул көрсөткүч 117ге барабар болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, быйыл Өрт-куткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан 225 адамдын өмүрү сакталган.

2015-жылы орун алган өзгөчө кырдаалдардын 207си табигый кырсыктар (жер титирөө - 2, кар көчкү - 56, суу каптоо - 11, катуу шамал – 36, жер көчкү – 10, бороон - 1, кар түшүү - 5, сел – 64, ташкын - 12, таш көчкү – 3, мөндүр – 1, үшүк – 3, өрт - 2); 10 кырдаал техногендик мүнөздө (жол кырсыгы - 6, өрт кырсыгы - 4).

2015-жылы орун алган өзгөчө кырдаалдардан улам 53 адам каза тапкан. Алардын көбү (34) жол кырсыктарынан улам болгон. Жылдын башынан бери 1 миллиард 701 миллион 980 760 сомго материалдык зыян келтирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: