super.kg logo

Чүй облусунда таксистти сабап, анын унаасын уурдагандар жол кырсыгына кабылышты: бири каза тапса, экинчиси ооруканада жатат

 

Чүй облусунда унаа уурдагандар жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 22:30 чамасында Токмок шаарынын нөөмөт кызматына Бишкек шаарынын тургунунан билдирүү түшкөн. Анда 28 жаштагы Т.А. аттуу таксист Абдрахманов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинен Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаасына отургузган эки кардарынан катуу ур-токмокко алынганын айткан. Медициналык бет каптарды кийген эки белгисиз адам айдоочуну унаанын артына салып, аны Токмок шаарын көздөй алып кетишкен. Жолдо таксист унаанын артынан эптеп секирип түшкөнүн айткан.

Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда алар изин жашыруу максатында Бишкек-Торугарт унаа жолунда бара жатышып жол кырсыгына кабылышкан. Натыйжада саат 01:30 чамасында унаа аңтарылып, анын ичиндеги Каракол шаарынын 19 жаштагы Х.Ш. аттуу тургуну каза тапкан. Ал эми 18 жаштагы К.А. аттуу жаран оор жаракаттардан улам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.12.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Арам тамак аш болбойт
29.12.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыныр иш кырк мунотто эле ачылып,жазаларын Кудай бериптир,,тобо кылдым
29.12.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым кыргыз соторуна ишенич жок озум эле жазалап койойун дептирда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: