Сокулукта тоноочулукка шектелген адам кармалды
Чүй облусунун Сокулук районунда тоноочулукка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Сокулук райондук милициясына арыз менен 58 жаштагы С.Т. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, 4-июль күнү саат 14:00 чамасында Сокулук районуна караштуу Жал айылында чала тааныш адам аны токмоктоп, уюлдук телефонун тартып алган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 56 жаштагы К.М. аттуу шаардын тургуну кармалган. Учурда бул окуя боюнча "тоноочулук" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.