super.kg logo

"Унаанын айнегин талкалап, баалуу буюмдарды уурдаган" деген шек менен 16 жаштагы өспүрүмдөр кармалышты

 

Чүй облусунун Сокулук районунда уурулук фактысына шектелип 16 жаштагы үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактык милицияга арыз менен 25 жаштагы О.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 1-декабрга караган түнү белгисиз жарандар анын Ауди С 4 үлгүсүндөгү унаасынын айнегин талкалап, баалуу буюмдарын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы С.М., К.М. жана К.А. аттуу өспүрүмдөр кармалган. Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталып, иликтөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.12.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх жаштар эмне эле болуп баратабыз бекер кылыпсынар озунорду келечегинерге озунор балта чаап отурасынар Аллахым баарыбызга ыйман ынсап берсин
29.12.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз 16 жашыбызда Уурулук эмне экенин билчу эмесбиз,билсек да Уурулук кылуу ото чон глобалдуу проблема болчу биз учун.
29.12.2015. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соткасын кошо уурдаган окшойт. Же видео байкоо болгонбу айланасында ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: