super.kg logo

Жылнаама, 30-декабрь: Мындан 22 жыл мурун кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкеева каза болгон

 

* Мындан 22 жыл мурун, 1993-жылы советтик жана кыргыздын улуу актрисасы Бакен Кыдыкеева 70 жаш курагында каза болгон.

СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкеева 1923-жылы Бишкек шаарынын Төкөлдөшүндө туулган. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Фрунзедеги Жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ал алгач Пржевальск (азыркы Каракол шаары) облустук драма театрында, Тянь-Шань (Нарын) музыкалык драма театрында иштеген. 1944-жылдын аягында Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулуп келген.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинен Иван Айвазовскийге таандык сүрөт уурдалган. Уурдалганга чейин музейдин 2-кабатындагы Орус көркөм сүрөт залында илинип турган “Крымдагы деңиз пейзажы” аталышындагы сүрөт 1866-жылы тартылган.

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Иракты 24 жыл башкарган (1979-2003) өлкөнүн 5-президенти Саддам Хусейн Багдад шаарында таңкы саат 6:00дө дарга асылган. Саддамдын өлүмүнө анын адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушкан. Өлүм жазасын аткаруу процесси видеотасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Себеби Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар пайда болгон.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы автожарыштардын "Формула-1" сериясы боюнча 7 жолку Дүйнө чемпиону, германиялык Михаэль Шумахер кышкы эс алууну Франциянын Мерибель шаарындагы тоо-лыжа базаларынын биринде өткөрүп жаткан. Лыжа тээп жүргөндө жыгылып, башы менен ташка урунган.

29-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: