super.kg logo
  Саясат  

"Акыйкатчы кызматына талапкерлер депутаттарга добуш үчүн 1500 долларга чейин акча сунуштап жатышат" деген маалымат парламенттин аброюна шек келтирет" дейт Чолпон Жакупова

 

"Кечээ Адил Турдукулов аттуу активист "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таянып, интернеттеги Фейсбук баракчасында "акыйкатчы кызматына талапкерлер депутаттарга 500 доллардан 1500 долларга чейин сунуштап жатышат" деген маалыматты таратууда",- деди бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Жакупова.

Анын айтымында, мындай маалымат Жогорку Кеңештин Регламент жана этика комитетинде каралышы керек, анткени ал жалпы парламенттин жана ар бир депутаттын аброюна шек келтирүүдө.

Төрага Асылбек Жээнбеков Жакупованын демилгесин колдоорун билдирди. "Өмүрбек Чиркешовичтин сөзү бурмаланып калбаш үчүн ал өзү келгенде муну түшүндүрүп берет деген ишеничтебиз",- деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: