Кыргыз-өзбек чек арасында атышуу болду

Бүгүн, 30-декабрда кыргыз-өзбек чек арасында атышуу болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя Баткен облусунун Баткен районундагы “11 гектар” аймагында орун алган. Анда өткөрмө бекети жок жерден аткезчилик жол менен жүк алып өтүп бара жаткан кыргыз жарандарын өзбек чек арачылары токтотууга аракет кылышкан. Бирок кыргыз жарандары буга баш ийбей, өзбек чек арачылары курал колдонушкан. Жаракат алган эки кыргыз жараны Баткен облустук ооруканасына жаткырылды. Окуя болгон жерге "Баткен" чек ара отрядынын башчысы барып, жагдайларды тактоо үчүн эки тараптуу жолугушуу өткөрүү демилгесин көтөрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Коомдук этиканы сактаңыз!
Провокацияга жол жок! 10 күн БАНга!
Эскертүү! Түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!