Көзү азиз талапкер акыйкатчы болуудан баш тартты
Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында акыйкатчыны шайлоодо бул кызматка талапкер Толкунбек Исаков өз талапкерлигин кайтарып алганын айтты.
Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынынын башында акыйкатчы кызматына 7 талапкер болгон. Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагы депутаттар Абдыжапар Бекматов ("Бир бол") жана Нуркамил Мадалиев ("Кыргызстан") акыйкатчы кызматына талапкерликтен баш тартышканын айтышкан. Ошентип, 4 талапкер калды. Алар:
Кубат Оторбаев (КСДП);
Мавлян Аскарбеков ("Ата Мекен");
Рита Карасартова ("Республика-Ата Журт");
Алишер Мамасалиев ("Өнүгүү-Прогресс").
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
-1
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















