Башкы прокуратура унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат берилгендигине байланыштуу Жол-кайгуул кызматынын башчысын жоопко тартуу боюнча ИИМге кайрылды
Башкы прокуратура унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат берилгендигине байланыштуу
Жол-кайгуул кызматынын башчысына жана башка жооптуу кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүү боюнча ички иштер министрине кайрылды. Бул тууралуу 30-декабрда өлкөдөгү башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Башкы прокуратура менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн текшерүүдө ИИМдин Жол-кайгуул кызматы тарабынан 2015-жыл аралыгында унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат кагаздары мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, укук коргоо органдарынын оперативдик иштерге пайдаланылуучу унаалары, инкассаторлордун унааларынын терезелерин караңгылатууга уруксат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Арт жагын эч нерсе эмес, бирок алдын да карайтып алып. Андан көрө ачык эле болуп, кичине элге салам берип жүргөн жакшы го, текебер болбой.