super.kg logo

Чаткалда эки адам көчкүнүн алдында калып каза тапты

 

Чаткал районунда сурьма казып жүргөн эки жигит көчкүнүн алдында калып каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Заирбек Нарматов билдирди.

Маалыматка таянсак, окуя 28-декабрь күнү Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында орун алган. Аталган аймакта жайгашкан сурьма кенинде иштеп жүргөн эки жаш жигитти иш учурунда көчкү басып, алар окуя болгон жерден каза табышкан.

"Жергиликтүү тургундардын баары ушул жерден кен казышып, күнүмдүк тамак-ашына акча таап кетишет. Узундугу 3-4 чакырымды түзгөн тоннелдерге кирип сурьма чогултуп сатышат. Каза тапкан эки жигиттин бири чаткалдык болчу, экинчиси Ала-Букадан. Алардын сөөгү бүгүн жерге берилди. Буга чейин да сурьма казгандар караңгыда адашып кетишип, 3 күн дегенде араң чыгышкан. Өздөрү чыга албай, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип чыгарышкан болчу",- дейт Нарматов.

Жергиликтүү тургун эгер бул маселеге тиешелүү органдар көңүл бурушпаса, дагы адам өмүрү кыйылышы мүмкүн экенин айтып тынчсызданууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.12.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сурьма деген эмне???
30.12.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Decmond, кен байлыктын бир туру
30.12.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсыкты кайдан деп болбойт.
Жаткан жери жайлуу болсун,Атасы
Рашка конул айтам.
30.12.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сурьманы кашка койот каттык комурго окшогону и майда унга окшогону бар
30.12.2015. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сурьма кендин бир туру комурдой таш болот болгонум тусу серый анан жылтырак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: