Продюсер Баяке Чааров дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

Кезинде көз боочулук менен алектенген, акыркы жылдары жаш эстрада
ырчыларына жол көрсөтүп, таптап, кыргыз маданиятына өз салымын кошуп
келген Баяке Чааровдун Нарында автокырсыкка кабылып, каза болгондугу маалым болду. Бул тууралуу бизге анын достору билдиришти. Автокырсык 10-ноябрдан 11-ноябрга оогон түнү саат 3:00дөр чамасында Торугарттын жолунда болуптур. Эки унаа кагылышып, 3 адам түрдүү жаракаттарды алышса, Б.Чааров ошол жерден жан бериптир. Маркумдун Ильяз Абдыразаковго продюсер катары колдоо көргөзүп жүргөнүн кошумчалап кетебиз. Баяке Чааровдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу "Супер-Инфо" гезитинин жана super.kg порталынын жалпы жамааты жакындарына
терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу болсун.
Автор: Базарбек Абдураимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:21
2025-06-12

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(3)
jaina

12.11.2012. 11:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жаннаттан болсун. Жакшы инсан болчу...
Laden

12.11.2012. 15:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдерге продюсерлик кылчу экен Баяке?тааныбайт экем.Жаткан жери жайлуу болсун.
Базарбек Абдураимов

12.11.2012. 16:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы Ильяз Абдыразаковго
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.