super.kg logo
  Саясат  

"Супер-Инфо" гезитинин директору Шаиста Шатманова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды

 

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук экономиканы чыңдоо жылында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана моралдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана эрдиктери үчүн бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлык берүү жөнүндө буйрук чыгарды.

Буйрукка ылайык, "Компьютер-Пресс" ЖЧКсынын ("Супер-Инфо" гезити) директору Шаиста Шатманова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми II даражадагы Манас ордени менен белгилүү акын Шайлообек Дүйшеев жана Жогорку Соттун мурунку төрайымы Феруза Жамашева сыйланышты.

III даражадагы Манас ордени менен велоспорт боюнча кыргыз улуттук курамасынын мүчөсү Евгений Ваккер, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, Ош облусунун мурунку башчысы Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Улукмырза Полотов сыйланышты.

Жалпысынан жүздөн ашык жеке жана юридикалык жактар сыйлык алышты. Алардын арасында Эрдик, Даңк медалдары менен сыйланышкандар дагы бар.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты "Компьютер-Пресс" ЖЧКсынын директору Шаиста Рахманбердиевнаны Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алышы менен чын дилден куттуктап, мындан аркы ишине албан-албан ийгиликтерди каалайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: