super.kg logo
  Спорт  

Футбол калысы Бахадыр Кочкаровго Даңк медалы ыйгарылды

 
Равшан Ирматов баштаган калыстар тобу Дүйнө чемпиондугунда кезектеги беттеш алдында. Бул жолу алар Коста-Рика жана Голландия курамаларынын беттешин тейлешкен.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) калысы Бахадыр Кочкаров Даңк медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 31-декабрда кол койду. Кочкаров көп жылдан берки эмгеги, өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий жөндөмүн бекемдөөгө кошкон салымы үчүн сыйланды.

Кошумчалай кетсек, Б.Кочкаров өзбекстандык калыс Равшан Ирматовдун бригадасына кирип, 2 Дүйнө чемпиондугунда (2010-жылы жана 2014-жылы) анын ассистенти катары кызмат кылган. Бул калыстар Дүйнө чемпиондуктарынын тарыхында эң көп оюнду тейлеген калыстар катары рекорд жаратышкан (9 оюн). "ЮАР-2010" Дүйнө чемпиондугунан кайтып келгенде Б.Кочкаровго "Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген ишмер" наамы берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
31.12.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун!
01.01.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандан Фифанын Калысы Бироо Элеби?
02.01.2016. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daniyar93,ооба биргана ушул бунунда жашы отуп калды 2018 Россияда болотурган дуйнолук чемпиондугуна калстык кылалбайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: