Жылнаама, 1-январь: Мындан 72 жыл мурун өлкөнүн мурдагы премьер-министри Жумабек Ибраимов туулган
* Мындан 72 жыл мурун, 1944-жылы Кыргыз Республикасынын мурдагы Премьер-министри Жумабек Ибраимов Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында туулган. 1971-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. 1993-1995-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп, 1998-жылы 25-декабрда премьер-министр кызматына дайындалган.
Саясатчы, коомдук ишмер Жумабек Ибраимов 1999-жылы 4-апрелде ашказан оорусунан улам 55 жаш курагында көз жумган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Жер шарындагы адамдардын саны 7 миллиард 137 миллион 577 750 адамды түздү деп билдирген БУУнун калк жаатындагы фонду. Маалыматка ылайык, Жердеги адамдардын саны 2013-жылы 77 миллион 630 563 адамга өскөн. Төрөлүү боюнча алдынкы орунда Индия, андан соң Кытай, Нигерия, Пакистан жана Эфиопия болгон.
* Мындан 47 жыл мурун, “Сениби, шашпа!” мультфильминин эң биринчи бөлүгү эфирге чыккан. Анын режиссёру – Вячеслав Котёночкин, сценарийин жазгандар – Феликс Камов, Аркадий Хайт, Александр Курляндский, продюсерлери – П.Бабаханян, А.Лебедев, композитору – Виктор Бабушкин, ал эми үндөрүн коштогондор – Клара Румянова (Коён), Анатолий Папанов (Карышкыр), ошондой эле Генадий Хазанов, Владимир Сошальский жана башкалар болушкан.1-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















