Ош шаары да Жаңы жылды ыр-бий, күлкү жана майрамдык салют менен тосуп алды (фото)
















Ош шаарында Жаңы жыл майрамы борбордук аянтта балдар үчүн атайын оюн-зоок концерттик программа менен ачылып, белгилүү эстрада жылдыздары, куудулдардын катышуусунда чоң программадагы концерт менен уланды. Андан соң кыргыз элинин улуттук оюндарынын мелдеши уюштурулду.
Шаардагы окуу жайлардын жетекчилери, студенттер көркөм чыгармачылык өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ар бир окуу жайдын Аяз ата, Аяз кыз, жомок каармандарынын костюмдар парады, концерттик программасы жана күлкү жаратуучу жаштардын оюну тартууланды.
Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев узап бараткан 2015-жыл ордолуу Ош шаары үчүн жакшылыктардын, өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн бекем пайдубалын түптөөнүн жылы болгондугун белгилеп, калаа тургундарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.