super.kg logo

Жаңы жыл түнү өлкө аймагында 35 өрт кырсыгы катталды

 

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 35 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 40 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу 1-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сокулук районунун Токбай айылында короодогу 2000 түк беде күйгөн. Өрт жардыргычтан (петарда) келип чыккан. Токмок шаарында да жардыргычтын айынан 4 кабаттуу үйдө
кийим-кечелер күйгөн.

Талас шаарында турак үйдүн жыгачтан курулган кире бериш бөлмөсүнүн 44 чарчы метри толугу менен өрттөнүп, шифоньер, төшөктөр, шырдак, кийим-кече, бут кийимдер, 6 килем күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

31-декабрда Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы Рахим Палван көчөсүндө өрт чыккан. Өрттүн натыйжасында бир бөлмөлү турак үй толугу менен күйүп, 1955-жылы туулган үй ээси Махмуд Азизовдун күйгөн денеси табылган. Өрт тиричилик электр шаймандарын колдонууда эреженин бузулушунан келип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
01.01.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жайы бою топтогон 
Жан жаныбар оттогон
Жардырам деп тарсылдак
Жалбырактуу чөптөрдү 
Жалын кылат бул майрам.
Тарыхта калчу шаарымды
Кучагына алган баарыңды
Таштатып бардык нерсесин
Таштанды кылат бул майрам.
Дүрт этип күйүп барактар
Дүкөнгө толуп арактар
Дүң эттирип жардырып 
Дүлөй кылат бул майрам.
01.01.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aibek8992, акын окшойсуң ээ ?
Комментарийлер күйүп жатат.
01.01.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Так ушул күнү далай кыз
Намысынан айрылат.
Канча шордуу ыйлашып
Канаттары кайрылат.
Айырма калбай чочкодон
Жерди сүзүп кулашат.
Көкмөк болгон арчалар,
Тамырынан сулашат.
Тапканын чачып асманга
Талтаңдашат канчага
Уйку бербей ушул күн
Тоскоол болот жатканга.
Жүрөгү түшөт кээсинин
Тарсылдагын атканда.
Согуштай эле сезилет
Эл журт баары жатканда.
Кошулушат аталар
Шарактаган жаштарга.
Үйүндө эле жатпайбы
Кырктын кырын ашканда
Тизгинин жаят арамдар
Кол барбай турат жазганга.
01.01.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aibek8992, Азаматсыз эн сонун жазылган !!!
01.01.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына майрамдоонун пайдасы. 200 түк чөп аябай чоң мээнет. Эми мал эмне болот.
01.01.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_2, 2000
01.01.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2000 сомбу ?
Математика аябай өөрчүп кетбегенби ?
01.01.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны жылдын куноосу жок,адамдар оздору куноолуу!
01.01.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул дагы болсо Аллах Тааладан болгон эскертуу...Дагы жакшы мээримдуу да Жаратканыбыз чон кырсыктар болбоду кыргыз элимде!
01.01.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айтканына калет жок,жаман жагын жазыпсын. Жаны жылды жамандап,эс тартып эми калыпсын. Балатыны айланып,ырдапбийлеп таттуу жеп. Балалыктын ширини,щан кулкусун жазбапсын. Айтканына кошулам,кыз намысын жазыпсын. Акылына келишсе,аларда табат бактысын. Тарсылдатып шарактап,уктатпасын жазыпсын. Жылда келчу бир тунду чыдап койбой наалыпсын. Кырктын кырын ашкандар,алар деле адамдар. Уйбулоолук майрамды неге тоспойт адамдай? Тамашалап жооп жаздым,тарынбагын аман бол. Ыймандуу сендей болушсун, ушу жаштар.
02.01.2016. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
makemake1979, Өмүрүмдө бир келсе да
Өзгөчө пайда берсе да
Өмүрүн алды канчанын
Өз ажалына жетсе да
Өрттөнсө өчпөйт куу чөптөр
Өзөндүн суусун сепсе да.
Бир жылда бир болот деп
Шаарым шаңга толот деп
Чыдаса чыдап койомун
Башына бакыт конот деп.
Жаштайынан балдарды
Жалгандыка үйрөтсө
Жаратканга жалынбай
Жаман сөздү сүйлөтсө
Жаштар биздин келечек
Олбуй-солбуй сүйрөтсө
Жылына бир келет деп
Буга кантип чыдаймын.
Куттукташып мас болуп
Бири бирин сабаса
Жан өлгөндү мындай кой
Бирөөнүн мурду канаса
Жылына бир келет деп
Айтчы кантип чыдаймын.
Күнөөсүз таңдын атканы
Күнөөсүз күндүн батканы
Мусулман үчүн чоң майрам
Кеч ыйманда жатканы
Жаңы жылды күтпөстөн
Майрамдай берет күнүгө
Кармабай колго водканы.
Тамашаңызга мен дагы
Тамашалап ыр жаздым.
Окуурум менен буйдалып
Токтоп калбай шыр жаздым.
Улуураак окшойт жашыңыз
Аман болсун башыңыз
Айып этпе иниңе
Сиз дебей сен деп салдым.
01.01.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяз ата не кылып журушот?)))
01.01.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз чоңоюп калганбыз, аяз ата жок нерсе экенин билебиз.
01.01.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өртөнсө өчпөйт куу чөптөр,өртөнбөйт бирок кара жер.
Өзөгу калып кайра эле жашылданат ошо жер.
Сен да бала болгонсун,жалган угуп чонойгон.
Эми минтип эр жетип,патриот болдун керилген.
Эли жерин ойлогон жигити болдун мекендин.
Куттукташып мас болуп бир бирине касташсын
Акылына келбесе аларда алат жазасын
Жаны жылда жадырап,дасторкон жайып тыпылдап.
Кичуу кызын сөз бербей
02.01.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
makemake1979,
:)
01.01.2016. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кичуу кызын сөз бербей шакылдаса ыр айтып
Энесин укпай даттанып,мага келсе таарынып
Мин бейиштин кунунөн,ушу кунум эн ыйык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: