super.kg logo

Жылнаама, 2-январь: Мындан бир жыл мурун ырчы Гүлзат Батырканова дүйнө салган

 

* Мындан 1 жыл мурун, 2015-жылы ырчы, алып баруучу Гүлзат Батырканова дүйнө салган.
"Сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу Гүлзат Батырканова 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылында төрөлгөн. Сахнага алгачкы жолу 3-класс кезинде Токтогулда "Баатыр жөжө" аттуу ыр менен чыккан. Кийинчерээк "Жаш кыял" эстрада ансамбли ачылып, ага кирген. КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. "Карай берем", "Өмүр жазым", "Жүрөлүчү эскерип", "Айта көрбө" ырлары менен таанылган.
Гүлзат Батырканова 2015-жылы 2-январь күнү кечинде Ысык-Көл облусунан келе жатып жол кырсыгына кабылган. Жолдошу менен бара жаткан унааны каршы тилкеде келе жаткан унаа сүзгөн. Кырсыктан ырчы каза болуп, күйөөсү катуу жаракат алган.

* Мындан 13 жыл мурун, 2003-жылы Ысык-Көлдө туризм шартын өнүктүрүү максатында Семёнов капчыгайында лыжа базасы ачылган. Лыжа базасы Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүү максатын көздөп, анын курулушуна мамлекет эле эмес, жеке ишкерлер тарабынан да колдоо көрсөтүлгөн. Мындан улам салтанатка катышкан Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев туризмди ашар жолу аркылуу да эл аралык деңгээлге көтөрсө боло турганын белгилеген.

* Мындан 29 жыл мурун, 1987-жылы орусиялык актриса Валерия Ланская Москвада туулган. Ал кичинекейинен муз үстүндө бийлөөгө кызыгып, апасы спорттун ушул түрү боюнча машыктыруучу болгондуктан, кызын да гимнастика жана муз үстүндөгү бийге үйрөткөн. Валерия Ланская 2005-жылдан тартып тасмаларга тартылып, "Есенин", "Заяц над бездной", "Кадетство", "Принцесса цирка" жана башка фильмдерде роль жараткан. "Принцесса цирка" фильминдеги трюктардын 80 пайызын өзү аткарган.

* Мындан 37 жыл мурун, 1979-жылы Антарктидадагы Жаштык станциясынан учарда Ил-14 ФКМ учагы кыйроого учураган. 3 киши каза болгон.

2-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.01.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы эжекебиз эле,
02.01.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жузунон нуру тогулгон, кулкусу шанга бологон, эх жанда жок жаркын жан эле. Шум ажал деген бир балээ, алып кетти сизди жаш эле. Жаманга олум жок, жакшыга омур жок деген ушул да.
02.01.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сармердендин шаны эле,азыр негедир Гулбубу эже окшоштура албай жатат.Жаткан жери жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: