Бишкекте ырчылар Султан, Акбар жана Мирбек "Достор" аттуу концертин элге тартуулап жатышат (фоторепортаж)
Бүгүн, 1-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Достор" деген аталышта концерт өтүүдө. Концертти 10 жыл мурун кыргыз эстрадасында пайда болгон Акбар Сүйүнбаев, Султан Садыралиев жана Мирбек Иманбеков сыяктуу достор Жаңы жылга карата коюп жатышат. 1 саат кечигип башталган концерт жаңы жылдык бий менен старт алды. Андан соң үч дос сахнага чыгып, "Кыргызстан" деген аталыштагы ырды аткарышты. Концерттик программа шаңдуу уланууда.
Ырчылар буга чейин SUPER.KG порталына бул күнкү концерт аншлаг менен өтөрүн ишенимдүү түрдө айтышкан. Алардын бул божомолуна концерттен кийин баа берген туура болот. Ошентсе да айтып коюшубуз керек, күйөрмандар Спорт Ордосунун 70 пайызын ээлеп отурушат.
Алдын ала айтылгандай эле чыгармалар жандуу үн менен аткарылууда. Алып баруучулук милдетти Чыңгыз Мырзаев аркалап жатат.
Султан, Мирбек жана Акбардын “Достор” аттуу концерти
4

Супер-Инфо
super.kg видео
















Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир же сунуштар болсо admin@super.kg дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек!
Саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөлөт. Сунушуңузга рахмат!