Алайда өспүрүмдөрдүн жаңы жылдык кечесинде 16 жашар баланы бычактап салышты
Алай районунун Жошолу айылында 11-класстын окуучуларынын жаңы жылдык кечесинде өспүрүмдүн өлүмүнө жеткирген мушташ орун алды. Бул тууралуу Ош ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-декабрда Жошолу айылында 16 жашар өспүрүм ата-энесинин кетип калгандыгынан пайдаланып жаңы жылдык кече уюштурган. Иш-чаранын жүрүшүндө балдардын арасында чыр чыгып, мушташка жеткен. Өспүрүмдөрдүн бири 16 жашар балага 5 жолу бычак сайган. Жабырлануучу ошол жерден каза тапкан. Бул кылмышка шектүү бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга отургузулган. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
-1

Озубуздун Айт майрамдарда еч кандай чыр чатак жок еле отот.