super.kg logo

Ош. 200гө жакын имам окуу курсунда диний билимден тышкары компьютер менен иштөөнү өздөштүрмөкчү

 

Бүгүн, 2-январда Ош шаарында КРнын Президентинин алдындагы "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан мечит имамдарынын билимин жогорулатуу боюнча окуу курстары башталды. Бул тууралуу облустук казыяттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган окуу курсу 1-этап болуп эсептелинет жана ага Баткен облусунан 180 имам, Ош облусунан 15 имам катышууда. Окуу курсу 12 күнгө созулат. Курстун кийинки уюштурулуусунда Ош облусунан 807 имам кезек-кезеги менен 14-февралга чейин 4 этап менен окутулмакчы. Анда имамдар диний билимин гана жогорулатпастан, лидерлик жөндөм, компьютердик жана мобилдик технологияларды пайдалануу жана интернет, WhatsApp менен иштөөнү өздөштүрүшөт. Мындай окутуудан өткөн имамдар элге динди жайылтууну жана муфтиятка отчёт берүүнү электрондук түрдө ишке ашыра башташмакчы.

Эскерте кетсек, аталган окуу курсунун 2-этабы 15-январда башталып, анда Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун 215 имамы окутулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
03.01.2016. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
компьютердик жана мобилдик технологияларды пайдалануу жана интернет, WhatsApp менен иштөөнү өздөштүрүшөт.
А эмнеге whatsapp баса белгилеген ? Жогоруда жазылып турат го, интернетти пайдалуу деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: