Сокулук районунда унаа уурдоого шектелип 19 жаштагы жаран кармалды

Сокулук районунда унаа уурдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ж.К. аттуу адам кайрылган. Анда ал Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын унаа тазалоочу жайга калтырганын, кийин аны белгисиз адам айдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аталган унаа Сокулук районунан токтотулуп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы К.З. аттуу жигит кармалган. Учурда унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, иликтөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.