super.kg logo

Интернет айдыңында "чучук" сөзүн издегендер көбөйдү

 

"Кумтөрдө" иштеген чет өлкөнүн жараны Майкл Макфит чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштыргандан кийин кыргыз жергесиндеги интернет колдонуучуларынын арасында массалык нааразычылык жаралып, "чучук" сөзүн интернеттен издегендердин саны көбөйдү. Улуу Британия, Норвегия, Бельгия, Ирландияда да бул сөздү "чучук", "chuchuk" деп издегендер көп болуп жатканын "Google Trends" маалыматынан билүүгө болот. Анда акыркы сутка ичиндеги издөөлөр 12 жыл ичиндеги издөөнүн рекорддук чегине жеткени белгиленген. Чет элдик маалымат каражаттары да бул окуя боюнча жазышууда.

Макфит 31-декабрда жаңы жылдык кечеде дасторконго коюлган чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырып, социалдык түйүндөгү өздүк баракчасына жарыялаган. Бул коомчулукта кызуу талкууну жараткандан кийин ал билдирүүсүн өчүрүп салган. 2-январда кечинде милиция кызматкерлери тарабынан "Манас" аэропортунан колго түшүрүлүп, ички иштер органдарына сурак берип, үйүнө бошотулганын 4-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ал эми анын чучук тууралуу билдирүүсүнө карата кылмыш ишин козгоо (улуттук, расалык жана диний кастыкты козгогондугу үчүн) боюнча материалдар Каракол шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
04.01.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшек модадан калды
04.01.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Интернет эсептегич бузулуппу
04.01.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаны жылды чучуктан баштадыкпы анда
04.01.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
jakikj, Тыйындын эки жагыбар.бирине капалансак экинчи жагынан суйунобуз анткени чучук дуйного таанылды
05.01.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakikj, Ошондой окшойт го)))
05.01.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчиден:Эмне учун ал ХХХ уйуно бошотуп жиберишти? Экинчиден: Кыргыздын улуттук тамактарын ХХХ ХХХ адамга тартуулаш керек болчу(корунгонго тартуулай бербей)
Модератор admin_media түзөттү 2016-01-05 14:24:20
05.01.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cholpontolgongylyn,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
15.01.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми аябай деле жабышпайле койсок болтко?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: