super.kg logo

Лейлекте 9 окуучуну курулуш басып калганын кабарлаган окурман “ЭЛДИК КАБАРдын” жеңүүчүсү болду

 
Лейлекте 9 окуучуну курулуш басып калганын кабарлаган окурман.
Белек ээси Рустамбек Эгембердиев Баткен облусунда болгондуктан, заманбап смартфонду анын Бишкектеги жакыны Муратбек Акулов кеңсебизге келип алып кетти.
Рустамбек Эгембердиев

2015-жылдын 14-декабрында Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы "Эгемендүүлүк" орто мектебинин окуучуларынын үстүнө бастырма кулап, 9 бала түрдүү жаракат алган. Төрт окуучунун буту сынып, бирөөсүнүн башы жарылган эле. Бул окуя мектептерде окуучулардын коопсуздугуна, курулуштардын сапатына олуттуу көңүл буруу керектигин айгинеледи. Окуяны жабыркаган балдардын биринин атасы Рустамбек Эгембердиев SUPER.KG порталына биринчилерден болуп кабарлап, тийиштүү органдардын жоопкерчилигин кароону айтып коңгуроо каккан эле.

Кабардын автору “куруучулардын шалаакылыгынан балдарыбыз жабыркады” деп билдирген. Бастырманы аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык жолугушуу аземинде мектепке белек катары куруп беришкени белгилүү болду. Айыл тургундарынын айтымында, бастырманы курууда тийиштүү стандарттар сакталган эмес. Жыйынтыгында күтүүсүз кулап, адам өмүрүнө коркунуч жараткан.

Окуя "Элдик кабарга" чыккандан көп өтпөй балдардын төртөөсү ооруканага жаткырылып, Лейлек райондук билим берүү башкармалыгы алардын дарылануусун бекер кылып берген. Ал эми окуядан кийин аталган мектептин директору иштен алынган.

Балдарга үйдө ата-эне жооптуу болсо, мектепте билим берүү мекемесинин жетекчилиги жоопкер. Окуучулардын коопсуздугуна тынчсызданып кабар жөнөнткөн окурманды SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши декабрь айынын жеңүүчүсү деп тапты. Чуулуу кабардын автору заманбап смартфондун ээси болду.

Кабардын автору Баткен облусунда болгондуктан, телефон аркылуу байланышып, жеңүүчү болгонун сүйүнчүлөдүк:

- Саламатсызбы, Рустамбек мырза! Бизге жөнөткөн кабарыңыз менен декабрь айынын жеңүүчүсү деп табылдыңыз. Куттуктайбыз!

- Чоң рахмат!

- "Окуучуларды бастырма басып калды" деген кабарыңыз кызуу талкуу жаратты. Окуучулардын коопсуздугу кабар жөнөтүүгө түрттүбү?

- Кыргыз мамлекетиндеги ушуга окшогон чуулгандуу окуяларды эл өз убагында билсин деген ой менен кабар жөнөттүм. Анткени SUPER.KG порталына тынбай кирип, жаңылыктардан кабардар болуп турам. Ошондой эле “Супер-Инфо” гезитине жазылып, жума сайын алып окуйм. Сиздерге кабар жөнөтүү менен байгеге ээ болорун деле билчүмүн, бирок мындайда балдардын абалын ойлойсуң да. Окуяны коомчулук билсин, жабылуу аяк жабылуу бойдон калбасын деген ойдо кабар жибергем. Ошону менен тийиштүү органдар чара көрүшсүн деген элем.

- Учурда балаңыздын абалы кандай?

- Учурда абалы канааттандырарлык, бутунда бир аз шишиктери бар. Кырсык эки апта мурун эле болду, дарыгерлер жыйынтыгы бир айдан кийин билинет деп айтышты. Дагы бир аздан кийин басат деген ойдобуз. “Балаңды Тажикстанда дарылаганга малыңды сат” дегендер болду. Малды сатыш үчүн атайын жекшемби күнүн күтүш керек эле. Экинчиден, 15 миң сом - бул дарыланууга гана кетчү каражат, андан башка дагы 15 миң сомдой керек болчу. Ага карабай болгон аракетимди көрүп, Бишкектен баламды туура дарылоо боюнча маалымат алып жаттым.

- Бул окуя боюнча кабар таратканыңызга мектептегилер кандай карашты?

- Жаңылык SUPER.KG порталына чыккандан кийин биз дарыланып жаткан оорукананын кээ бир дарыгерлери “комментарий бербей эле койсоңуз болмок” деп айтышты. А бирок окуя "Элдик кабарга" жарыялангандан кийин медицина кызматкерлеринин мамилеси жакшы жакка өзгөргөнү кадимкидей байкалды. Айыл өкмөтү тарабынан жабыркагандарга 5 миң сомдон жардам берилди. Сиздерге чоң рахмат! Жаран катары, ата катары ыраазычылыгымды билдирем.

Окурман жолдун алыстыгын айтып, заманбап смартфонду Бишкектеги агасы алып кетерин билдирди. Белекти анын тууганы бүгүн, 6-январда кеңсебизден алып кетти.

Эсиңизде болсо, быйылкы жазда SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.

Эскерте кетсек, апрель айында Сузак районунан Чынберди Жанышов аттуу 10-класстын окуучусу жеңүүчү болсо, май айында Оштогу үй кожойкеси Сабира Казамбекова жеңүүчү деп табылган. Июнь айында Орусияда иштеген Алина Мустапакул кызы, июлда Байысбек Жеңишбек уулу, августта Толгонай Таалайбек кызы, сентябрда Нурсултан Токтосунов, октябрда Куттубек Абдуллаев, ноябрда Асылбек Мадалиев жеңүүчү болгон.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(13)
04.01.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сакайып кетишсин,элге айтканыныз жакшы болду)
Мындан кийин дарыгерлер да мугалимдер да конул буруп ,кооптонуп калышат!
05.01.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Смартфон куттуу болсун Рустам байке , баланыз сакайып кетсин калган балдарга да кудайым шыпаасын берсин ,
Aduk_aksuu түзөттү 2016-01-05 09:34:48
05.01.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз эн туура кылгансыз сыйлык кут болсун super.kg ыразычылык
06.01.2016. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
смартфондун кандай модели берилип атат женуучулорго?просто интересно)
06.01.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
dubai, meizu mx5
06.01.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Rifle_2,рахмат жообунузга)
06.01.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
dubai, суротто турат го, Самсунг Галакси бир деме деп... )))
07.01.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ кечиресиз неге ушул кабарды кечке берип атасыздар?Кундо окуймунго?
11.01.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мектепке навести 10жылдык эмес 20жылдык жолугушуу аземинин бутуруучулору куруп берген.Ошол байге ээси Рустом Эгембердиев дагы демоорчулор катарында болгон. Байге кутту болсун бирок чындыка жакын жазуу керек эле.
22.01.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефон кут болсун ак суу айылынын балдары аман болсун ак суу
25.01.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун жигиттин гулу.
26.01.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаптыр өлүм жок. Астагфиралла
31.01.2016. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун байке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: