Чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырган Майкл Макфит өлкөдөн чыгарылат

Чет өлкөлүк жарандын чучук тууралуу билдирүүсүнө карата кылмыш ишин козгоо боюнча материалдар прокуратурага жөнөтүлгөн эле. Бүгүн, 4-январда интернеттеги социалдык баракчасына билдирүү жазган Майкл Макфиттин ишин Ысык-Көл облустук соту карады. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө М.Макфитте Кыргыз Республикасында жүрүүгө уруксат бере турган тийиштүү документтери жок болгону аныкталган. Миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн ал 24 саат ичинде өлкө аймагынан чыгарылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, анын чучук тууралуу жазганы массалык нааразылык акцияларын пайда кылууга түрткү болгон. Мындан улам ага расмий түрдө эскертүү берилди.
ИИМ "чучук" чуусу боюнча
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
1

Ушундай да жаза болобу???
Моо отурган ХХХ кок спортивка кийген ошолбу? Атасынан чон корунотко ХХХ.
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!