Метрологиялык көзөмөлдөө инспекциясы 2015-жылы 849 текшерүү жүргүзүп, 563үндө талапты бузуу фактысы аныкталды
Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөлдөө инспекциясы 2015-жылы 849 текшерүү жүргүзүп, мунун 563ү же 66,31 пайызында мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Аталган министрликтен 5-январда билдиришкендей, мамлекеттик мекемелер боюнча 208 текшерүү болуп, норманы бузуу боюнча 143 факты катталды. Ишкердик субъекттери боюнча 641 текшерүү болуп, 420 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Жыйынтыгында 105 токтом чыгарылып, 616 000 сом айып пул салуу чечими кабыл алынганы маалымдалды.
Инспекция 2014-жылы 860 текшерүү жүргүзгөн.
Белгилей кетсек, аталган инспекция автоунаага май куюучу жайлардагы ченөөчү жабдуулардын, базарлардагы таразалардын тактыгын, аларга тийиштүү мыйзамдын талаптарынын аткарылышын жана башкаларды көзөмөлдөйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

